Изин сууткан аял, сыздаган айылдыктар/ Миңдеген мал берип миллиондогон акчага күйгөн Алтынбай
2022-жылы Жалал-Абадда кой-эчки, уй, жылкылар дүңүнөн сатылып турган.
Арызданып жаткан Алтынбай Мамасаидов, чөлкөмдө аны Алтын ажы, Ажы аке деп коюшат. Өзүнүн короо толо малы бар эле, базарда алып-сатарлык да кылчу. Бирок ал Орозгүл Ашимованын куру убадасына ишенип алып очойгон карызга батып, калкка кадыры кетип, ал тургай түрмөдө отуруп чыкканын айтып, зар какшап отурат.
Мамасаидов чөлкөдөгү кишилерден көп санда мал алып, Ошко жөнөтүп турган. Акчасын Ашимова 1-2 айдан кийин котормок болгон. Анткени Өзбекстанга алып барып кымбат сатабыз деген экен. "Ушинтип иштей берсек Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду $400 миң пайызсыз насыя берет, анан чоң иш баштайбыз" деп алдаганын айтууда. Буга ишенген Алтын ажы баш оту менен киришип, 92 млн. сомдук мал алып берген. Эки жылдан бери анын 42 млн. сомун өндүрө албай жүрүшөт. Ал арада Мамасаидов камалып кеткен.
Бул окуя кандайча, кантип ишке ашканын видео материалдан көрүп түшүнө аласыз.