Үч адамга алдандык/ 10 жыл мурун акча төлөп, үйгө жетпей жүргөндөр кайрылышты

Үч адамга алдандык/ 10 жыл мурун акча төлөп, үйгө жетпей жүргөндөр кайрылышты

35.924 Lượt nghe
Үч адамга алдандык/ 10 жыл мурун акча төлөп, үйгө жетпей жүргөндөр кайрылышты
2015--2016-жылы жылдары батир алам деп "Иска строй" компаниясына акча берип, куржалак калган 9 үй-бүлө укук коргоо органдарынын эшигин каккылап жүрөт. Алардын айтымында, баштапкы төлөмүн бергенден кийин фирманын ээси Нарынбек Сариев алдамчылыкка айыпталып камалып кетет. Анан үлүшүчүлөрдүн ичинен эң көп сумма, 500 миң доллар төккөн Мурат Мурзаев "объектини өзүбүзгө алып куралы, болбосо токтоп калат" деген. Натыйжада Мурзаев "Иска стройдон" үлүшчүлөргө өткөрүп алат. Эми үйдү куруу үчүн курулуш компаниясын издейли деп "Глобус строй" фирмасын тапканын айткан. Ал арада үлүшчүлөр менен жаңыдан келишим түзбөй ар шылтоону айтып создуктура берген. Үй 5-кабатка көтөрүлүп калганда шек санай башташкан. Тактай келсе Мурзаев үлүшчүлөрдүн четке түртүп, объектини жеке өзүнө өткөрүп алган болот. Башында маалымат берип, чогулуштарды өткөрүп турган "Глобус стройдун" жетекчиси Амандык Жапаров да сыртка чыгарып койгон. Мындан улам ызылдап милицияга арыз жазышкан, бирок тергөө жакшы жүрбөй жатат деп нааразы болушууда. Арыздангандардын көпчүлүгү кары-картаңдар экен. Алар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, маселени акыйкат чечип берүүнү суранышты.