"Жок дегенде компенсация бергиле"/ Мамлекеттин долбоору, аксакалдын арыз-муңу/ Тамчы айылы
Тамчы айылынын тургуну Иманбек Мамбетакуновдун үй-бүлөсү эмгегибизге күйүп жатабыз деп кайрылышты. Анткени алардын жери “Ысык-Көл” аэропортунун маңдайына курула турган беш жылдыздуу мейманканалардын аймагына кирип калган. Анан “мамлекетке өткөрүп бер” деген талап коюлуп, компенсация берүү жагы каралган эмес.
Иманбек аксакал 1998-жылы 3 гектар жер алып, бак тигип өздөштүргөн. Кийин 2006-жылы ал жакка үйлөр салынат деп айыл өкмөт аэропорттун бет маңдайынан ошончо өлчөмдө жер берген. Мында эгин өспөгөндүктөн, туристтик жай кылуу чечими чыгат. Анан 17 жыл чуркап, бүт уруксат кагаздарын алышкан. Эс алуу борборун ачууга ниеттенип башкы план, долбоорлорун жасаткан. Иманбек атанын балдары мал-мүлкүн, Бишкектеги 2 батирин сатып, 5 млн. сом кредит алып ушуга салышканын айтты. “Эми бизнести баштайын дегенде минтип тартырып ийсек кантебиз” деп жатат. Буга чейин соттошуп Жогорку соттон утуп келишкен экен. Бирок үч айдан кийин жаңы ачылган жагдайлар боюнча деп кайра кароого жиберген.
“Мамлекеттин долбооруна каршы эмеспиз, өлкөбүз өсүп-өнүксүн. Болгону ошончо жылдык мээнетти текке кетирбей компенсация төлөп же 50 сотых жерди калтырып, иштеттүүгө уруксат беришин сурайм. Дартым Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге жетпей жатат”, — деп арызданды жердин ээси.