Салам достор!
Подкасттын бул жолку коногу жеке ишкер Амина Мамытбек. 4 баласы бар. Кыргызстанда жана Казакстанда тил үйрөтүү курстарын жетектейт. Айымдар ийгилик жаратууда эмнелерге көнүл буруш керек жана баланы жашоого кантип даярдоого болот деген теманы кенен ачып берчи. Билим алууну биринчи орунга койгон коногубуз башынан өткөргөн жашоосун тажрыйба багытында айтып берип, бизнестеги өнөктөштөрдү туура тандоо боюнча кеңештерин берди.
Бул подкасттын жүрүшүндө 1 жана 2 айлык тил курстарына конкурс ойнотулду. Конкурстун шарттары менен подкасттын жүрүшүндө таанышыңыз.
Жагымдуу көрүү каалайбыз жана жалпыңыздарга ийгилик! 😊
00:00:00 ИНТРО
00:00:50 конок менен таанышуу
00:03:45 кыргыз тилинде 8 бизнес китеп жаздым
00:04:50 эки өлкөдө бизнес кылам
00:06:38 тил үйрөтүү борборубузга 15 жыл болду
00:09:24 айымдар менден үлгү алышат
00:11:29 айымдар үчүн эң кыйын төрөт, бизнес оңой нерсе
00:12:55 бир тууган менен бизнес кылуу абдан оор экен
00:18:00 кредит алып ишкерлик баштадык
00:21:38 билим албасаң да тил үйрөн
00:27:22 конкурстун шарттар
00:30:08 тилдерди үйрөнүүмө эжем түрткү болгон
00:33:37 катуу тарбия ушул даражага жеткирди
00:43:23 төрөттү айым өзү пландаштырыш керек
00:48:11 токмок аркылуу адамды тарбиялай албайсың
00:54:56 өжөр болууга тарбияландык
00:57:01 кыйынчылыктар адамды такшалтат
01:04:51 зомбулук тамыры күчөп кетти
01:08:58 пикир келишпестикте жеке ыкмамды колдоном
01:11:31 бала тарбиялоо
01:15:24 билим тандап алуу керек
01:22:46 кыргыз кыргызды жебеш керек
01:25:58 коштошуу