Таштанды казып, илим алды! Имам Шафи (р.а.)

Таштанды казып, илим алды! Имам Шафи (р.а.)

67.679 Lượt nghe
Таштанды казып, илим алды! Имам Шафи (р.а.)
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир хадисинде айтат: “Курайштан чыккан аалым жердин катмарларын илим менен толтурат” (ал-Ажлуни, Кашфул-Хафа,II/53,54.) Бул кереметтүү хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Курайштардан чыккан аалымга т.а. Имам Шафи (р.а.)га ишаарат кылууда дешет аалымдарыбыз. Куран аяттарынын бир эле эмес, тескерсисинче көптөгөн маанилери бар болгондугу сыяктуу эле Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадистеринин да көптөгөн маанилери бар. Бул хадистин көптөгөн маанилери бар. Б.а. Курайштан чыккан бүткүл аалымдарга ишаарат кылгандай эле, ал аалымдардын сап башында болгон Имам Шафи (р.а.)га ишаарат кылат бул хадис. Өзүңүздөр билгендей эле бүгүн сиздер менен Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын мураскору, сүйүнчүсү болгон Имам Шафи (р.а.) тууралуу сөз кылабыз. Даяр болсоңуздар баштадык.