"Табышкер": Кыргызстанда балык чарбасы өнүгүүдө

141.405 Lượt nghe
"Табышкер": Кыргызстанда балык чарбасы өнүгүүдө
Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айылы. Өзүнүн жер астындагы минералдык мөлтүр булактары менен бүткүл республикага таанымал. Ишкер Замира Тентимишева бул жердин потенциалык баамдап, кытай ишкерлеринин жана КР Өкмөтүнүн жардамы менен балык чарбасын ачкан. Анткени форель балыгы дал ушундай таза сууда жакшы өсөт. З.Тентимишева 2013-жылы эң алгачкы молектерду бассеинге салган. Арадан бир жыл өтүп, 15граммдык балыктар 700-900гр. чейин жетип эң алгачкы балык продукциясы сатыкка чыга баштаган. Учурда ишкер форель балыгы менен гана алектенбестен дүйнөдөгү эң баалуу эсептелген осетр балыгын да өстүрүүнү чечти.