Кызыр (а.с) арабызда жашайт!
Кичинелигибизде “Кызырга жоолуга турчу болсоң бай болосуң!” деп айтып калышчу. Түрдүү-түрдүү икаялар, окуялар, жомоктор, албарстылар... Айтор ал кездин кызыгы башкача эле. Азыр болсо адамдар телефон менен уктап-ойгонуп калган заман. Андыктан Кызыр (а.с) дын окуялары азыркы муунга айтылабы же айтылбайбы билбейм. Эгер айтылбай калган болсо, аларга ошол чөнтөк телефону аркылуу биз айталы деп чечтик. Кызыр (а.с.)га кантип жоолукса болот? Деги эле аны менен кандай адамдар кезиккен? Келиңиздер, жообун чогуу издейли.